Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ — УЛУТ КӨРКҮ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ» долбоорунун он үчүнчү каарманы — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көл-Төр айылынын тургуну Айжан Бактыбекова.
Манасчылар мекени болгон Тоң району 1936-жылы негизделген жана бүгүнкү күнгө чейин өнүгүү жолунда келе жатат. Райондун жалпы аянты 7230 чарчы чакырымды түзөт. Түндүк-батышынан Кемин району, батышынан Балыкчы шаары жана Кочкор району, түштүк-батышынан болсо Жети-Өгүз району менен чектешет.
Тоң районунун аталышынын келип чыгышы
Тоң районунун аталышы тууралуу эл арасында ар кандай уламыштар айтылып келет. Алардын бирине караганда, Ысык-Көл жергесин калмактар басып алууга аракет кылган учурда эл арасынан Тоң аттуу баатыр чыгып, душмандарга каршы тайманбай күрөшкөн экен. Ал өзүнүн эрдиги менен элин коргоп, баскынчыларды сүрүп чыгарган дешет. Ошондон улам район ошол баатырдын ысымы менен аталып калган деген пикир бар.
Дагы бир түшүндүрмөгө ылайык, Тоң районунун климаты кыйла суук болгондуктан, “тоң” деген сөздүн маанисине байланыштуу ушундай аталыш келип чыккан. Түрк тилдеринде бул сөз “суук”, “муздак” деген түшүнүктү берет. Ошондуктан аймактын жаратылыш өзгөчөлүгүнө жараша Тоң деп аталып калганын айтышат.
Каньондордун мекени
Биздин райондо кооз жаратылыш аймактары, каньондор абдан көп. Мисалы, Жомок каньону, Көй-Мойнок каньону, Ак-Сай каньону жана Манжылы-Ата тоосу бар. Жомок каньону өзүнүн кооздугу, түркүн түстүү аскалуу тоолору менен айырмаланат. Жыл сайын бул жерге көптөгөн туристтер келип турушат. Ал эми Манжылы-Ата ыйык жер катары белгилүү. Эл арасында балалуу боло албай жүргөн келиндер ал жерге барып зыярат кылып, тилек кылышкан деген ишеним айтылып келет. Ошондуктан ата-бабаларыбыз Манжылы-Атаны ыйык тутуп, көздүн карегиндей сактап келишкен.
Курулушу аягына чыкпаган Аалам Ордо
«Аалам Ордо» — Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги, Тоң районунда (Туура-Суу айылына жакын) жайгашкан уникалдуу маданий-этнографиялык комплекс. 2006-жылы Ташкул Керексизов тарабынан негизделген бул жерде бетондон курулган 365 боз үй жана ар кандай философиялык-тарыхый эстеликтердин курулушу пландалган. Ал кыргыз маданиятын жана көчмөндөр философиясын чагылдырган борбор катары белгилүү.
Комплекстин аймагында символдук мааниси бар эстеликтер, таш айкелдер жана көл жээгиндеги кооз жаратылыш орун алган. Ал кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын жана дүйнө таанымын даңазалоону максат кылат.
Аалам Ордо менен Рух-Ордо Ысык-Көлдүн эки жээгинде бири-бирине карама-каршы жайгашып, көлдүн түндүгү менен түштүгүн байланыштыргандай символикалуу мааниге ээ.
Учурда курулушу толук аягына чыкпаган, бирок кызыктуу туристтик жай катары белгилүү.
Манасчылар мекендеген жер
Тоң районунан көптөгөн белгилүү инсандар чыккан. 20-кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев дал ушул Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Анын оозунан “Манас” эпосунун үчилтиги жазылып алынып, бүгүнкү күнгө чейин бул улуу мурас даңазаланып келет. Мындан тышкары, Тоң районунун Корумду айылынан белгилүү актер Мамбет Чокморов чыккан. Көл-Төр айылынан Каба Атабеков жана Гүлзат Байзакова сыяктуу инсандар чыккан. Ошондой эле кыргыз кино өнөрүнө зор салым кошкон Төлөмүш Океев Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген.
Сары кыздын тою
Өрүк сатуу сезону — эл оозунда «сары кыздын тою» деп айтылат. Анткени сары кызга куда түшүп келгендер көп, тактап айтканда алармандар (күлүп). Ким бааны жогору койсо, биз сары кыздын тоюн белгилейбиз. Алармандарды «кудалар» деп тамашалап тергеп коёбуз. Ар жылы сары кыздын баасы ар кандай. Россиянын ири шаарларына жана Казакстандын Алматы шаарына экспорт болот. «Эрте жаздагы эмгегибиздин акыбети кайтты» деп той өткөрүп, сары кызды четке узатып, анан капчыктарды кампайтып калабыз.
Мындан тышкары, Тайган фестивалы дагы уюштурулуп турат. Анда кыргыз элинин улуттук өнөрлөрү көрсөтүлүп, ар кандай спорттук мелдештер өткөрүлөт. Бул фестиваль кыргыз маданиятын даңазалоого чоң салым кошот. Ошондой эле боз үй фестивалы да өтөт. Тоң районундагы Кызыл-Туу айылы боз үйдүн мекени катары белгилүү. Бул айылда жаш баладан тартып карыяга чейин боз үй жасоо өнөрү менен алектенишет. Мындай фестивалдар чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырып, өлкөнүн экономикасына да салым кошуп келет.
Түндүк жана түштүк жээктин айырмасы?
Көлдүн түндүк жээгине эс алуучулар көбүнчө көлгө түшүп, жээгинде эс алуу үчүн барышса, түштүк жээгине жаратылыштын кооздугун, өзгөчө каньондорду көрүү үчүн келишет. Тактап айтканда, Тоң районуна туристтерди кооз жаратылышы, тарыхый жайлары жана түрдүү фестивалдары аркылуу тартууга болот. Албетте, көлдүн түштүк жээгинин таштак болушу эс алуучулар үчүн айрым ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. Мындан тышкары, пансионаттардын аздыгы да өз таасирин тийгизет.
Биздин Тоң районунун өзүнүн гимни да бар. Андан 3-4 сап айта кетсем:
Касиеттүү жерим бар,
Меймандос элим бар.
Топурагы алтындан,
Тоң мекеним жерим бар.
Жыйынтыктап айтканда, ар бир адам үчүн өзүнүн киндик каны тамган жери ыйык. Мен үчүн да өз айылым, өз районом өзгөчө кымбат жана ыйык. Келечекте Тоң району дагы да өнүгүп, гүлдөп өсө берсин деп тилек кылам.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова
10. Ысык-Көл районунун кызы — Тахмина Акылбекова
11. Жумгал районунун кызы — Сезим Рахатбекова
12. Тогуз-Торо районунун кызы — Мадина Алтымышова