Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылында өткөрүлгөн түнкү рейд учурунда унааны мас абалда башкарган айдоочу кармалды.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, «Тойота Карина» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Текшерүү учурунда аталган автоунаанын айдоочусу мас абалында экени аныкталган. Айдоочуга карата укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, автоунаа айып короого токтотулду.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет: мас абалында унаа башкаруу жол кыймылынын бардык катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Мас айдоочу — бул потенциалдуу өлтүргүч.
Башкармалык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мас абалында рулга отурбоого чакырат. Мындай рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында улантылат.