Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарында топ жигиттер бир адамды сабап кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.
Күбөлөр окуяны видеого тартып алышкан.
Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2026-жылдын 3-апрелинде социалдык тармактарды мониторинг жүргүзүү учурунда жаранды бир нече адам сабап жаткандыгы тартылган видео аныкталган.
Аталган факт Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, мыйзамда белгиленген тартипте текшерүү иштери башталган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан окуянын бардык жагдайларын тактоо, ошондой эле бул окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо максатында зарыл болгон текшерүү жана ыкча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулардын аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилип, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат», - деп айтылат маалыматта.