Turmush — Манас шаарындагы Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу аталган төрөт үйүнөн билдиришти.
Turmush басылмасынын кабарчысы төрөтканага барып, 3 эмдин абалы тууралуу билип келди.
Ала-Бука районунун 28 жаштагы тургуну Мархаба Расулжан кызы1 эркек, 2 кыз баланы 2026-жылдын 11-мартында жарыкка алып келди. Учурда алардын абалы туруктуу. 28 жаштагы эненин үчүнчү төрөтү, ал 5 балалуу болгонуна кубанып турганын айтат.
«Өзүм Ала-Буканын Сафед-Булан айылынан болом. 3 эм наристе экенин УЗИден билгем. Кош бойлуу мезгилим да дарыгерлердин көзөмөлүндө жеңил өттү. Облустук төрөт үйүнө 11-мартта келип, кесарево жолу менен балдарымды жарыкка алып келдим. Алар 2 кыз, 1 уул.
Аймактан 5 саат жол жүрүп келгенге балдар оор абалда төрөлдү. Дарыгерлер күнү-түнү карап, аман алып калышты. Балдарга Асмонур, Сафонур жана Мухамаднур деген ысымдарды ыйгардык. Негизи эгиздер менин да, жолдошумдун да генинде бар. Алыс кетпей эле, менин бир тууган эжем эгиз эркек балдарды жарыкка алып келген, мен 3 эмди төрөдүм. Башкысы балдар дени сак төрөлдү», - дейт Мархаба Расулжан кызы.
Облустук төрөт үйүнүн ымыркайлар жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Рахат Изатбекованын айтымында, 3 эм 21 күн мурун төрөлгөн.
«11-март күнү тез жардам менен УЗИден 3 эм деп божомолдонуп жаткан 28 жаштагы келин келди. Аны кесарево ыкмасы менен төрөтүп алдык. Балдардын улуусу кыз бала, салмагы — 1 кг 300гр. Экинчиси да кыз, анын салмагы — 1 кг 500 гр. Кичүүсү эркек, салмагы — 1 кг 550 гр.
Чынында балдардын абалы оор болчу, баарынан да кичүүсү өз алдынча дем ала албай калган. Ошол замат ымыркайларга зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп, күнү-түнү ак халатчандардын көзөмөлүндө болуп жатты. Учурда үчөө тең энесинин сүтү менен азыктанып жатышат, абалдары туруктуу. Алдыңкы 1-2 күндө балдарды үйгө чыгарууга уруксат беребиз», - дейт Изатбекова.
- Өткөн 2025- жылы Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө 6614 төрөт катталган. Анын ичинен 2 жолу 3 эм төрөлсө, 150 эгиз ымыркай төрөлгөн. Ал эми быйыл жыл башынан бери 1474 ымыркай жарыкка келди.