Turmush — Баткен облустук прокуратурасына 140 млн сомго жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, учурда курулуштун 80% аяктады. Административдик 2 кабаттуу имаратта кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы 140млн сом каралган. Курулуш май айында толук бүтөрү пландалууда.