Turmush — Алай районунун Гүлчө шаарында дамба салуу иштери каралууда. Бул тууралуу шаардын мэри Нурсултан Тажибаев билдирди.
Анын айтымында, бул маселе шаардагы көйгөйлөрдүн бири.
«Негизги көйгөйлөрдүн бири — Гүлчө дарыясынын жээгиндеги дамбанын толук бүткөрүлбөй калышы. Шаардын Ыр-Кесе аймагында, стадиондун жана базардын арт жагында жайгашкан узундугу 1 чакырым 760 метр болгон дамба азыркыга чейин толук тосула элек. Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сунушу менен кабыл алынган. Учурда долбоордун иштери аяктап, жакынкы айларда подрядчы тандалып жай айларын баштайбыз деп турабыз.
Мындан тышкары, Кара-Кулжа тараптан келген оор жүк ташуучу унааларды шаар аймагына киргизбөө үчүн дамбанын үстү аркылуу айланып өтүүчү жол куруу сунушталууда. Эгер бул долбоор ишке ашпай калса, дамбанын үстүнө аллея же эс алуу багын куруу пландалууда. Шаардын суу менен камсыздоо тармагында да олуттуу көйгөйлөр бар. Мурда жер астындагы скважиналар аркылуу сууну пайдаланылып, 2024-жылы коомдук фонд тарабынан 38 чакырым алыстан таза суу тартылган. Учурда суу кампасында жетиштүү көлөмдө суу бар. Бирок ички суу түтүктөрү 1983-жылы курулуп, эскирип кеткендиктен чоң көлөмдө суу жоготуулар болууда», - деди ал.
Бир адамга норма боюнча 60 литр суу жетиштүү болсо, дамбаны кое берген учурда 210 литрге чейин берилет. Бирок анын 70% жоголуп кетүүдө. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жалпы узундугу 55 чакырым болгон суу түтүктөрүн толугу менен жаңылоо каралууда. Долбоор канализация системасын жаңылоо менен бирге жүргүзүлөт.
«Шаар тургундары үйлөрүнө чейин суу киргизип, ажаткана жана душ орнотуп алышкан. Бирок көпчүлүгү саркынды сууларды септик аркылуу жерге төгүп жатышат. Натыйжада жер астындагы суу деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда жарым метрден 1 метрге чейин суу чыгып жаткан учурлар катталууда. Шаардын төмөн жагындагы аймактар бара-бара сазга айланып жатат. Дренаж системасын күчөтүп, сууну жасалма жол менен сыртка чыгарбасак, бул абал улана берет. Эгер чара көрүлбөсө, 10 жыл ичинде Гүлчө кадимкидей коркунучка келип саз болуп калат», - деди Тажибаев.