Turmush — Чүй облусунун Москва районунда балыкчылар талаада уктап жаткан түлкүнү ойготту.
Саламат Чыналиевдин айтымында, алар балык уулоого баратканда талаадан кандайдыр бир жандыкты көрүп калышкан.
«Токтоп, ага бир аз байкоо салганда талаанын ортосунда уктап жаткан түлкү экенин көрдүк. Аны жазгы күндүн ысыгы жайланткан экен. Түлкүнү мотордун үнү ойготкон эмес, ал биздин сүйлөгөнүбүздөн ойгонуп, секирип барып, бадалдарга кирип кетти», - дейт ал.