Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Якутиянын Мирный шаарынын 26 жаштагы тургуну Айжамал Жеңишова. Ал Ыраакы Түндүктөгү турмушу, үй-бүлөсү жана келечекке болгон максаттары менен Turmush басылмасына бөлүштү.
«Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Мундуз айылында төрөлгөм. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биотехнология багытын бүтүргөм.
2021-жылы эжелеримди ээрчип, “бир жыл иштеп кетейин” деп келген элем. Бирок ошол бойдон калып калдым. Россияда жашоо мага жагат — бул жакта адамдардын укугу корголот, мыйзам жакшы иштейт. Мирный абдан тынч шаар. Бул жерде ар улуттун өкүлдөрү жашайт — орустар, эвендер, якуттар, буряттар, алтайлыктар, кыргыздар, казактар, өзбектер, тажиктер, азерлер, осетиндер. Акыркы жылдары африкалык улуттагы адамдар да келе баштады.
Мирныйда кыргыздар көп жана абдан ынтымактуу. Жакшылык-жамандыкта дал ушул мекендештер бири-бирине колдоо көрсөтүшөт. Жолугушуулар болуп турат, Орозо айтта жылкы союлуп, кең дасторкон жайылат.
Москвадагыдай эмес, бул жакта улуттар ортосунда бөлүнүү жок. Чындыгында, бул аймак якуттардын жери болсо да, элдер ынтымакта жашашат. Бала бакчага же мектепке барсаң, ар улуттун балдарын көрөсүң, бирок баары орус тилинде сүйлөшөт.
Бул жерде камсыздандыруу полиси менен мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарыланууга болот. Мигранттар убактылуу медициналык полис сатып алышат — мыйзам ушундай катуу иштейт. Кыргызстанга жайкы эс алууга барып, ооруп калгам. Ооруканага барсам, дээрлик ар бир эшиктен акча сурашты. Республикалык ооруканада кезек өтө узун, жеке клиникалардын баасы болсо абдан кымбат. Өз мекениңде жүрүп да дарыгерге көрүнүү ушунчалык оор болгону жүрөк оорутат экен.
Мирный кичинекей шаар болгондуктан, ага көнүп алыптырмын. Кыргызстанга барганда бат чарчап калам: тыгын, адамдардын дайыма шашып жүргөнү, кээде агрессиясы, кышкысын кара түтүн (смог) байкалат.
Бул жерде кыш өзгөчө кооз, бирок абдан суук — аба ырайы -50 градуска чейин жетет. Ошол эле учурда үйлөрдүн ичи +30 градус жылуу. Мени таң калтырганы — шаардын тынчтыгы. Балдар кеч киргенче көчөдө өз алдынча ойной беришет. Үйлөр көп учурда ачык калат, эч ким кирбейт. Бир нерсеңди жоготуп алсаң, ал сени өзү “таап келет”. Ал тургай алтын жоготсо да, таап алган адам сөзсүз кайтарып берет. Элдин пейили ток, мамилеси жылуу», - дейт ал.
Анын айтымында, жолдошун Якутиядан жолуктарган.
«Мен бул жакка бир жыл иштеп кетейин деп келген элем. Бут кийим саткан дүкөндө иштеп жүрүп, жолдошум менен тааныштым. Ушул жерден бактымды таптым — бул менин жашоомдогу чоң ийгиликтердин бири. Жолдошум улуту кыргыз, 6 жашынан бери ушул жакта жашайт. Анын үй-бүлөсү да бул жерге отурукташып калган. Ал Ош облусунун Алай районунан болот. Турмуш курганыбызга 3 жыл болду. Бир балабыз бар. Учурда жолдошум алмаз өндүргөн компанияда иштейт
Буга чейин апам: “ысык-көлдүк жигитке эле турмушка чык, алыс кетсең биз кантебиз” деп көп айтчу. Анткени беш бир туугандын эң кичүүсүмүн. Бирок тагдыр мени Ыраакы Түндүккө алып келди. Жолдошум менен бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Ал Кыргызстанга барып, ата-энемдин алдынан өтүп келди. Үлпөт тоюбуз Мирный шаарында өттү. Ата-энем азыр бат-баттан келип турушат.
Башында бул жакка келгенде кыйынчылыктар көп болду. Алгач суугуна көнө албай кыйналдым. Эсимде, биринчи келгенде базарга жеткенче бутум тоңуп, тизем бүкүлбөй калган. Бир жылдай эжелериме ыйлап, “эмнеге мени алып келдиңер” деп жүрдүм. Кетейин деп жаткан учурда жолдошум менен таанышып, мынтип ушул жерде калып калдым», - деди ал.
Каарманыбыз учурда эмне менен алек болуп жатканын жана алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.
«Азыр декреттик өргүүдө болгондуктан, көп нерсе менен алекмин. Кышкысын сыртка көп чыкпайбыз. Бош убактымда китеп окуйм, шам (свеча) жасап сатам, тереземе гүл, бадыраң, жашылча чөптөрүн өстүрөм. Акыркы учурда блогерликке да кызыгуум артып жатат. Жеке баракчама Якутиядагы күнүмдүк жашоону, катуу суукта кантип жашаганыбызды, табиятын чагылдырып турам.
Келечекте декреттен чыгып, кесибим боюнча иштеп, жеке лаборатория ачкым келет. Албетте, өз мекеним Кыргызстанга кайтып, анын өнүгүшүнө салым кошсом деген тилегим бар», — деди ал.