Turmush — Кечээ, 21-декабрда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу форуму болуп өттү.
«Нарвард» коомдук уюмунун мүчөлөрү тарабынан уюштурулган НМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу окуу жайдын башкы имаратында өттү.
Бул жолугушууга НМУнун 2001-жылдан бери бүтүргөн көптөгөн бүтүрүүчүлөр катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор Эрмек Байбагышов Нарын мамлекеттик университети үчүн ар бир бүтүрүүчү маанилүү экенин белгилеп өттү.
Бүтүрүүчүлөр тарабынан мындан ары жыл сайын май айында (университеттин туулган күнү 22-май) 5, 10, 15, 20 жылдык жолугушуу салтын улантып туруу сунушу болду. Мындан сырткары университеттин өнүгүүсү үчүн бүтүрүүчүлөр тараптан айтылган ой-пикирлер, сунуштар эске алгынып, жетекчилик алар менен дайыма байланышта болуп, кызматташып турат.