Turmush — Айзада (аты өзгөртүлдү) 35 жашта, жалгыз бой эне. Эки баласы менен Нарын шаарында жашайт.
Өзүнүн айтымында, балдары менен батирлеп, көчүп-конуп жашап келген.
«Мурда айылда турчумун. Эки жыл мурун, жолдошум каза болгондон кийин балдарым менен шаарга көчүп келдим. Эки балам бар, улуусу 12 жашта, эпилепсия менен ооруйт. Көп убактым ушул кызыма кетет. Кийинки балам 3-класста окуйт. Батирлеп, көчүп-конуп, акчаны айдан айга араң жеткирип тажадым. Турак жай алууга талапкерлигимди жөнөтсөм, боло турганын уктум. Кызматкерлер мен кандай шартта жашарымды жана батир берүүгө болобу же болбойбу деп текшергени келди. Бир нече убакыттан кийин бериле турган болду. Аябай кубандым. Жөлөк пулга жашагандыктан, батир үчүн да төлөө оор болчу», - деди ал.
Айзада жашаган барак тибиндеги үй 2022-жылдын июнь айында эксплуатацияга берилген. Азыр анда турмуштун оор шарттарына кабылган, колдоого муктаж 9 үй-бүлө жашайт. Негизги маселе — үйдө канализация жок. Бул кырдаалдан чыгуу максаты Айзаданы «Онлайн шаар» долбооруна алып келген. Анын арты менен 9 үй-бүлөнүн да маселеси чечилет.
«Мен жашаган үй — мектепти 10 жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн шаарга болгон белеги экен. 9 үй-бүлө жашайбыз. Ар биринде экиден бөлмө бар. Баарына эки гана ажаткана бар. Болгон таштандынын баарын төгөбүз. Кызым эпилепсия менен ооругандыктан, дайыма кир жууйм. Ажаткана толоюн деп калды.
Бул жердегилер, баарыбыз — муктаж адамдарбыз. Мисалы, биринчи батирде турган үй-бүлөнүн кызы баспайт. Экинчисинде эки балалуу эненин ден соолугу начар. Алардан кийин биз жашайбыз. Бизден кийинкиде бөйрөктөрү ооруган аял жашайт. Жанында мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Кийинкисинде майып арабада отурган эне, аны кызы карайт. Андан соң үч кызы бар, жолдошу каза болгон аял жашайт. Андан ары үй-бүлөсү жок чоң эне, дагы эки баласы бар, ажырашкан келин турат. Өзүңүз көрүп тургандай, ар бир үй-бүлө канализацияга муктаж. Ажаткана сыртта, бирок бир коңшубуздун үйүнө аябай жакын. Биз болгон таштандыны ыргытабыз: тамак-аштын калдыгынан баштап кир жуугандан кийинки кир сууга чейин. Мен көп суу колдоном, мага канализация керек», - дейт Айзада.
Ал долбоор тууралуу ыктыярчылардан уккан. Алар муниципалдык маселелер боюнча мэрияга түз кайрылуу жазууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтып беришкен. Айзада кайрылгандан кийин, эки күн өткөндө атайын арыз, анда акыбалы тууралуу жазууну суранышкан. Эки жумадан кийин анын турмуш шартын көрүүгө кызматкерлер келген.
Айзада үйүнөн көпкө чыга албайт. Убактысынын баары эпилепсия менен ооруган кызына кетет.
Бүгүнкү күндө Naryn City порталында 95 кайрылуу бар. Алардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Негизги кайрылуулар шаардык муниципалитет боюнча: таштанды, көчөлөрдөгү жарыктын жоктугу, балдар аянтчасы, канализация, жылытуу, жол белгилери жана башкалар.
Сайттын иштөө принциби жөнөкөй — жеке маалыматты жана контакттарды калтыруу керек. Ошондой эле сүрөтүн жөнөтүп, картадан белгилеп коюуга болот. Карта шаардын кайсы жеринде болуп жатканы тууралуу маалымат берет. Андан сырткары, кайрылуулардын саны, каттар, өтүнүүнүн категориясы ачык көрсөтүлгөн.
Долбоорду ишке ашыруудагы кыйынчылыктарга карабастан, бүгүнкү күндө сайт үч шаарда иштеп жатат. Ар бир жашоочу муниципалитеттеги мүчүлүштүктөр боюнча сайт аркылуу кайрыла алат.
Айлана-чөйрөбүз биздин колубузда. Аны биз гана жакшырта алабыз.
Долбоор финансылык колдоо көрсөткөн USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун алкагындагы «Юз оф Ош» коомдук бирикмеси менен ишке ашырылат.
Азыркы учурда «Онлайн шаар» Каракол, Нарын жана Жалал-Абад шаарларында иштеп жатат. Негизги максаты — ай сайын берилчү эсеп-кысаптын айкындыгын жогорулатуу жана мамлекет тараптан жарандык-муниципалдык кызматтарды адилеттүү түрдө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу аркылуу тургундардын жашоо сапатын жакшыртуу.
Ошондой эле, муниципалдык мүчүлүштүктөргө ыкчам чара көрүү, жоопкерчиликтүү иш алып баруу, структураларды, инициативаларды күчөтүү жана жарандардын чечим кабыл алууга катышуусун жогорулатуу максаттарын көздөйт.