Turmush — Бүгүн, 29-ноябрда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, жамаат менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда министр алгач билим берүү тармагында аткарылып жаткан иш аракеттерге токтолду. Ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан педагогикалык багыттагы адистиктердин, мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анын үстүндө кызуу иштер жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошол кадамдардын негизинде бүгүн ОшМПУнун профессордук-окутуучулар курамы менен пикир алмашып, сунуштарын укканы келгенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бир нече актуалдуу сунуш- пикирлер айтылып, суроо-жооп менен коштолду.
Министр У.Мамбетакуновдун иш сапары Баткен облусуна уланып, андагы билим берүү мекемелери менен танышмакчы.