Turmush — Кечээ, 17-апрелинде Шопоков шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, анда жаӊы дайындалган мэр Жакыпбек Субагожоев депутаттарга тааныштырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, депутаттар анын алдына шаардагы негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди коюп, ыкчам чараларды көрүүнү талап кылышты.
Мындан сырткары «Ынтымак» кичи конушунда Шаардык милиция бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу маселеси каралды.