Turmush — Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл өкмөтүнө 2026-жылы чыгарылган жаңы экскаватор тапшырылды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Административдик-аймактык реформадан кийин Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, калкынын саны 36 миңден ашуун жаңы аталыштагы Нарзан айыл аймагы түзүлгөн.
Техниканы тапшыруу иш-чарасы 2026-жылдын 10-апрелинде өтүп, ага аким Илияз Ташбаев, акимдин биринчи орун басары Улан Садалиев жана айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев катышты.
Аталган техника жергиликтүү бюджеттин эсебинен жазгы талаа жана чарбалык иштерди өз убагында, сапаттуу жүргүзүү максатында сатылып алынган. Экскаватор 10 кошумча жабдуу менен камсыздалган.
Алар:
- бурчу жөнгө салынуучу кең планировкалоочу ковш;
- тар казуучу ковш;
- стандарттык ковш4
- тыгыз топурактар үчүн күчөтүлгөн ковш;
- жеңил материалдар үчүн көлөмү чоң ковш;
- гидромолот;
- тез алмаштыруучу түзүлүш (квик-каплер);
- арткы көрүнүш камерасы;
- жаркыраган маяк жана шаймандар менен фильтрлердин топтому.
«Берилген техника аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга, инфраструктураны жакшыртууга жана айыл өкмөтүнүн алдында турган милдеттерди ыкчам аткарууга өбөлгө түзөт», - деп айтылат маалыматта.
«Таза-Нарзан» муниципалдык ишканасында 20га жакын айтайын техника бар. Жакында суу ташуучу унаа алынары күтүлүүдө.