Turmush — «Тарых инсаны» рубрикабыздын кезектеги каарманы ачарчылык мезгилде айыл элин мергенчилик менен баккан коомдук ишмер Сартбай Бекей уулу болот. Аймактык кабарчы анын кызы Токон Бекеева менен маалымат алды.
Айтылуу алп Тобоктун урпагы:
- Сартбай Бекей уулу 1909-жылы Тогуз-Торо өрөөнүнүн Кайыңды кыштагында жарык дүйнөгө келген. Айтылуу алп Тобоктун тогузунчу урпагы болот. Ал 2 жашка чыкканда ата-энесинен эрте ажырап, эки агасынын колунда калат. Ошол жылдары айтылуу акын жана дастанчы Абдыкалык Чоробаев Алп Тобок дастанын жазуу үчүн келип калат. Абдыкалык Чоробаев менен бирге жүрүп, ал кишиден тамга таанып, билим алат. Билим алууга умтулган Сартбай Бекей уулун Абдыкалык Чоробаев өзү менен кошо Ак-Талаага ала кетет. Ак-Талаага келген соң, андан ары Нарын Кантонунан советтик-партиялык кызматкерлерди даярдоо курсунан окуп, билим алып, ак-талаалыктар менен кызматташып жүрүп, 19 жашында Тогуз-Торого кайтып келет.
Бир кыштакты кайберен эти менен баккан башкарма:
- Ошентип 1928-жылы өз мекенине кайтып келет. Атам келген кезде 1928-1932-жылдары Тогуз-Торо өрөөнү өз алдынча район болуп түзүлүп, район жетекчилигине Калдыбай Азамат уулу шайланат. Алгачкы эмгек жолун район жетекчисине катчы болуу менен баштайт. 1929-1937-жылдары жеке чарбалар жоюлуп, чарбаларды ирилештирүү саясаты кызуу жүрүп, чачыранды айыл-кыштактар көчүрүлүп жаткан учур тура. 1932-1934-жылдары жаңы уюштурулган Фрунзе (Дөдөмөл) колхозунда эсепчи, 1934-1938-жылдары ушул эле колхоздун башкармасы, 1938-1942-жылдары Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрагасы, согуш кайнап турган 1942-1944-жылдары Кызыл-Жылдыз колхозунун башкармасы болот. Ак-Чийлүү өрөөнүнүн (азыркы Ленин айылы турган жер) чийлерин жулдуруп, эл арасынан арпа-буудай жыйнап, соко менен жер айдатып, эгин эктирип элди ачарчылыктан аман алып калуунун аракетин көргөн. Өзү мергенчилик кыла койгондуктан улам, ал тургай, үзүмчүлүк мезгилде мергенчилиги менен аңчылыкка чыгып, элди кайберендин эти менен бакканын Кызыл-Жылдыз жергесинин эли аңыз кылып айтып калышчу.
Кайыңдан салган көпүрө:
- 1944-1950-жылдары кайрадан Фрунзе колхозуна (Дөдөмөл айылы) кайтып келип, башкарманын орун басары, Кабак кыштоосундагы мал-чарбасын тескөөчү болуп эмгектенет. 1950-1960-жылдары колхоздор кайрадан ирилештирилип, Ленин колхозу түзүлөт. Сартбай Бекей уулу Ленин колхозунда жылкы ферма болуп иштеп баштайт. Жайыттар тар болгондуктан, колхоздун мал жайытын кеңейтүү максатында 2 жыл чабандарга Сасык-Кайың чөлкөмүндө өскөн кайыңдардын баардыгын кыйдырып, кабыгын аарчытып, көлөкө жерге кургаттырып, аялдарына кендир куурай жулдуруп, жылкылардын куйрук-жалын кыркып, эчкинин тыбыттары менен кошуп колдору жооруганына карабай аркан-жип эштирип, жар капчыгайдын куушунда агып жаткан Нарын дарыясына мыксыз эле жалаң кайыңдан мал өтүүгө ыңгайлуу көпүрө салдырган экен.
Сартпай атанын үй-бүлөсү:
- Атам 1939-жылы апам Жумакан Ысмайылбек кызына үйлөнөт. Апам 1922-жылы ошол эле Тогуз-Тородо туулган. Ата-энем жалпысынан 14 балалуу болушат. Бирок, 9 баласы чарчап калган экен. Азыр улуу агам 85 жашта, анан 2 кыз барбыз. Мен 68 жашта, сиңдим 65 жашта. 1 агам жана 1 эжем дүйнөдөн өтүп кетишкен. Ата-энем 1966-жылна чейин бирге түтүн булатып, 1966-жылы атам оорудан улам көз жумат. Атам каза болгон жылы мен 1-классты бүткөн элем. Атам каза болгондон кийин туура 2 жарым жылдан кийин же тактап айтканда 1969-жылы 47 жашында апамдын көзү өтүп кетти. 1968-жылы апам ооруп, төшөк тартып жаткан учурда жайында Абдыкалык Чоробаев кайрадан Алп Тобок дастанын жазам деп келген экен. Анан, ал киши атамдын каза болуп калганын учактан түшкөндө элден угуп, Азирет Сыдыков деген жездебиз коштоп келген үйгө. Эшик алдына боз үй тигип, атама жылкы союп, куран окутуп, андан кийин бир топ күн үйгө ар тараптан адамдар келип, манасчыдай күпүлдөп, Ала Тобок дастанын айткан экен.
Сүрөттөр кызы Токон Бекееванын өздүк архивинен алынды.