Turmush — Нарын районунун Эмгекчил айылынын 25 жаштагы тургуну Гүлнур Өмүрбекованы Түштүк Джорджия аралындагы [Түштүк Американын (Аргентина тараптан) чыгышында, Антарктиканын түндүгүндө, Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан] падыша пингвиндеринин колониясы өзгөчө таасирлентти.
Азыркы тапта Гүлнур айым Бишкек шаарында жашайт. Ал кыргыз-түрк «Манас» университетинин филология факультетин аяктап, учурда магистратурада окуп жатат. Жалпы 5 тилде сүйлөй алат — кыргыз, англис, кытай, орус жана түрк.
Каарманыбыз дүйнөнүн эң алыскы жана катаал аймактарында — Арктика менен Антарктикада экспедициялык кемеде кабылдамадагы катчы (ресепшн) болуп иштеп, туристтерди кабыл алып, дүйнөнүн төрт бурчун кыдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Анын айтымында, бала кезинен эле саякаттоону жакшы көрчү. Жаңы жерлерди көрүүгө кызыгып, мүмкүнчүлүк чыккан сайын жолго чыгып турган. Бир жыл мурун ал экспедициялык кемеде англис жана кытай тилдерин билгендер үчүн бош орун бар экенин угуп, дароо документтерин тапшырган.
«Маектешүүдөн өтүп, жумушка кабыл алынганым мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк болду. Ошондон кийин жашоом толугу менен өзгөрдү десем болот», — дейт ал.
Анын алгачкы сапары Арктикага болгон. Гренландия, Норвегия жана Исландиянын түндүк аралдары аркылуу өткөн бул сапар Гүлнур үчүн унутулгус таасирлерге бай болгон.
«Ал жакта муз каптаган океанды, жапайы жаратылышты көрдүм. Эң кызыгы — ак аюуну өз көзүм менен көргөнүм болду. Бул мен үчүн чоң кыял эле», — деди ал.
Мындан тышкары, ал Түндүк шооласын да көрүүгө жетишкен.
«Гренландиянын түндүгүнө жакын аймакта асманда бийлеп турган жашыл жарыктарды көрүп, абдан суктандым. Бул көрүнүштү сөз менен айтып жеткирүү кыйын», — дейт саякатчы.
Кийинчерээк алардын экспедициясы Антарктикага багыт алган. Бул аймак Гүлнур үчүн таптакыр башка дүйнө болуп ачылган.
«Антарктика — бул чексиз мөңгүлөр, аппак тоолор, тунук аба жана жапайы жаратылыш. Ал жактан пингвиндердин ар кандай түрлөрүн, киттерди жана башка деңиз жаныбарларын көрүүгө болот», — дейт ал.
Айрыкча Түштүк Джорджия аралындагы падыша пингвиндеринин колониясы аны өзгөчө таасирленткен.
«Ал жерде 400 миңден ашык пингвин жашайт. Табият таптакыр бузулбаган. Баары өзүнүн табигый абалында», — деп белгилейт Гүлнур.
Ал кызыктуу салыштыруу да жасайт.
«Пингвиндер аралында жүргөндө мен аны биздин Соң-Көлгө окшоштурдум. Чалкыган суу, кең талаа… болгону койлордун ордуна пингвиндер жүрөт. Ал эми деңиз күчүктөрү иттердей эле үрүп, чуркап ойношот. Аба ырайы да кудум Соң-Көлдөй — бирде суук, бирде күн ачылып кетет. Соң-Көлгө барган адам бул окшоштукту түшүнөт деп ойлойм», — дейт ал.
Гүлнурдун айтымында, мындай сапарлар адамга дүйнөгө башкача көз караш менен кароону үйрөтөт.
«Мен айырмачылыктардан көрө окшоштуктарды көбүрөөк байкайт экенмин. Кайсы жерде болбоюн, табияттын сулуулугу баарына окшош», — дейт ал.
Бош убактысында Гүлнур китеп окуп, камерага сүрөт тартканды жана ат мингенди жакшы көрөт. Ал эми келечектеги максаты — дүйнөнүн дагы бара элек континенттерин көрүү.
«Дүйнө абдан чоң жана кооз. Мен мүмкүнчүлүк болсо анын ар бир бурчун көргүм келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал