Turmush — Баткен облусунда төрөлгөн Атахан Исираев Кыргызстандын алдыңкы окуучуларынын катарына кирип, эл аралык деңгээлдеги олимпиадага жолдомо алды. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Атахан Исираев республикалык олимпиадада биология сабагынан экинчи орунду багынтса, улуттук олимпиадада алтын медаль алып, Кыргыз Республикасынын курама командасына өттү. Эми 12-19-июлда Литванын Вильнюс шаарында өтчү эл аралык олимпиадага өлкөнүн атынан катышат.
Исираев Атахан Бектемирович 2008-жылдын 28-июнунда Баткен облусунун Дара айыл аймагындагы Кайыңды айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Учурда ал Ысык-Көл облусундагы «Кут билим» окуу-тарбия комплексинде 11-класста окуп жатат. Бул окуу комплексине атайын биология боюнча терең билим алуу үчүн келгенин айтат. Анын билим жолундагы бурулуш учур дал ушул мектеп менен байланыштуу болгон. Биология илимине болгон кызыгуусу да бара-бара ойгонгон.
«Айрыкча 6-класста карантин башталып, окууга болгон мотивациям төмөндөп кеткен. Бирок 7-класстан тарта жаңы чөйрө, жаңы мугалимдер дүйнө таанымымды өзгөрттү. "Кут билимдеги" мугалимдер жөн эле баа үчүн эмес, окуучу түшүнсүн, өссүн деген ниет менен иштешерин түшүндүм. Дал ошол чөйрө мени өзгөрттү», - дейт ал.
Биология сабагын тандап алуусуна атасынын сунушу себеп болгон. Бирок бул багытка болгон чыныгы кызыгуу жайкы атайын окутуу лагеринде ойгонгон. Дал ошол жерде анын илимге болгон кызыгуусун күчөткөн мугалим — Асхат агай болгон. Кийин Атахан бул мугалимден билим алуу үчүн Ысык-Көлгө которулуп, максаттуу даярдыкты баштаган. Анын айтымында, быйылкы республикалык олимпиадага негизинен Асхат агай даярдаган.
«Кээде бир күндө 10 саат окуп, анан 3 күн такыр окубай калчумун. Бул — күйүп кетүүнүн белгиси. Ошондуктан башкаларга кеңешим, өз темпиңерди сактагыла», - дейт ал.
Ал райондук жана облустук этаптарга болгону бир жума калганда даярданса, республикалык этапка бир күн калганда түнкү саат 3кө чейин окуганын белгилейт. Ошентсе да мындай ыкманы ал башкаларга сунуштабайт. Жыйынтыгында Атахан республикалык олимпиадада 2-орунду ээлеген.
Андан кийин улуттук олимпиадага катышып, анда алтын медалдын ээси болду. Анын айтымында, республикалык жана улуттук олимпиадалардын айырмасы чоң.
«Республикалык олимпиадада жаттоо керек. Ал эми улуттук олимпиада эл аралык олимпиадага багытталган. Ал жакта алган билимди колдоно билүү, ой жүгүртүү, окумуштуу болуу керек. Улуттук жана эл аралык олимпиададагы суроолор көбүнчө чыныгы статьялардан алынат. Ошон үчүн мага улуттук олимпиада кызыктуураак. Улуттук олимпиадага даярданганда келечекке көбүрөөк пайдасын алып келет», - дейт окуучу.
Атахан улуттук олимпиаданын жыйынтыгын укканда алгач ишене албай, жыйынтыкта ката кеттиби деген ойлор да болгонун жашырбайт.
«Улуттук олимпиаданын жыйынтыгы чыкканда ишене албай тургам. Балдар туура эмес берилип калганбы же таблица туура эмеспи деген ойлор болду», - деди ал.
Бул ийгиликтердин артында чоң эмгек жана колдоо турганын Атахан баса белгилейт. Алгач ата-энесине ыраазычылык билдирди.
«Ата-энем дайыма колдоп, эч нерседен кем кылбай келет. Аларга канча ыраазычылык айтсам да аздык кылат», - дейт ал.
Мындан тышкары, анын илим жолуна түшүүсүнө салым кошкон мугалимдерин да өзгөчө белгилейт. Анын айтымында, Сыргак агай, Кайып агай, Бакыт агай жана жатакананын директору Дастан агай чоң колдоо көрсөткөн. Ал эми эң чоң салым Асхат агайга таандык экенин айтты.
«Асхат агай бизге өзүнүн убактысын, күчүн, ал тургай каражатын да аяган жок. Сабактары өзгөчө атмосферада өтчү. Ал бизди окуучу катары гана эмес, адам катары да түшүнчү», - деди Атахан.
Учурда ал так кайсы кесипти тандай турганын чече элек, бирок бир нече багыттын ортосунда изденип жатканын айтат. Бош убактысында кол өнөрчүлүк менен алектенип, шахмат ойнойт.
Эми алдыда Литванын Вильнюс шаарында өтө турган эл аралык олимпиадада ал Кыргызстандын атынан катышат.
«Жоопкерчилик чоң. Эми дагы да жакшы даярдануу керек», - деп сөзүн жыйынтыктады.