Turmush — Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Баткен облусунда бир сезондо күрүчтөн 2 жолу түшүм алууга аракеттер башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн 1-апрелден тарта Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Чынар айылында күрүч эгүү иштери башталды.
Жергиликтүү дыйкан Каныбек мырзанын айтымында, учурда атайын күнөсканада өстүрүлгөн 20 күндүк көчөттөр талаага көчүрүлүп, атайын даярдалган шалы жайга отургузулууда.
Учурда эгилип жаткан күрүчтүн жайдары сорту 90 күндөн өтүп, июнь айынын аягында бышып, түшүм июль айынын орто ченинде жыйналат. Андан кийин ошол эле жерге кайрадан 20 күндүк даяр көчөттөр отургузулуп, экинчи түшүмдү кеч күздө алуу пландалууда.
«Бул биздин аймакта биринчи жолу колдонулуп жаткан тажрыйба. Буга чейин Өзбекстандын Андижан облусунда колдонулган экен. Негизинен күрүчтү көчөт аркылуу отургузуу түшүмдүүлүктү жогорулатат. 1,5 гектар жерге 1000 ящик көчөт колдонулат. Ошол көчөттү күнөсканада өстүрүп алуу бир аз көйгөй болот. Анткени ящигине көбүрөөк уругун сээп койсоң, ар кандай ооруга чалдыгат.
Өткөн жылы Кытайдан күрүч көчөтүн отургузуучу атайын техниканы 12 миң долларга сатып алганбыз. Азыр жакшы иштеп жатат», - деди ал.
Буга чейин Ак-Турпакта эң эрте бышкан күрүч август айынын орто ченинде орулса, кеч бышканы октябрь айына чейин барчу. Ак-Турпакта 1 гектардан 4 тоннадан ашык түшүм алууга болот. Девзире сортунун 1 кг арзан дегенде 250 сомдон сатылат. Жалпы киреше 1 млн сомго чейин жетет. Бирок түшүмдү 300 сомдон саткандар да бар. Баа негизинен сортуна жараша болот. Эң арзан сорту 140-150 сомдон сатылат. Андижан, взрос сортторунан 1 гектардан 5-6 тоннага чейин түшүм алса болот. 1 гектар жердеги күрүчтү жазгы эгүүдөн тарта, күзүндө үйгө киргизип алганга чейинки чыгым 120 миң сомго жакын болот.
Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 3100 гектар аянтка күрүчтүн девзире, лазер, андижан, аланга, взрос деген 5 сорту өстүрүлөт. Кадамжай районунда өстүрүлгөн күрүчтөрдүн 90 пайызы ушул айыл өкмөткө таандык.
Баткен облусу боюнча жалпы 3708 гектар жерден күрүч өстүрүлөт. Кадамжай району 3110 гектар, Лейлек району 338 гектар, Баткен району 260 гектар жерге күрүч өстүрөт.
Буга чейинки жылдарда күрүчтүн алгачкылары апрель айынын аягында эгилчү. Бышкан кезде күндүн ысыгында эртерээк оруп-жыйнап албаса, ысык аптап күрүчкө зыянын тийгизчү.
Ал эми эң кеч бышкан сорттор октябрь айынын аягында жыйналат. Ак-Турпак аймагында күрүчтүн девзире, лазер, асыл, андижан, алаңга, взрос жана башка сорттору өстүрлөт. Баасы күз мезгилинде арзандап, сортуна карап, 1 килограммы 125 сомдон 250 сомго чейин сатылат.
Эң кымбат күрүч:
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Миң-Чынар айылында девзире (жайдары) сортундагы күрүч өстүрүлөт.
Дыйкандардын айтымында, девзире күрүчтү кургатуу абдан машакаттуу. Себеби ал жумшак келет. Аны салкын кезде кургатуу керек. Күндө жарылып кетет. Бул сорт башка сортторго караганда кымбатыраак. Ал Ак-Турпакта гана өсөт.
Ак-Турпак айыл өкмөтүндө 3100 гектар аянтка күрүчтүн девзире, лазер, андижан, аланга, взрос деген 5 сорту өстүрүлөт. Кадамжай районунда өстүрүлгөн күрүчтөрдүн 90% ушул айыл өкмөткө таандык.
Күрүчтөрдүн баасы:
Баткен облусунда эң чоң күрүч базары — Кадамжай районунун Ак-Турпак аймагындагы «Торговой» соода борбору иштейт. Август айында жумасына 1 жолу шаршемби күнү базар болуп, бир базарда дүңүнөн 200 тоннага чейин күрүч сатылат. Негизинен күрүчтөр Россия жана Өзбекстанга жөнөтүлөт.
- Орто эсеп менен базардагы күнүмдүк сатылган күрүчтүн баасы 19 млн сомдон 50 млн сомго чейин жетиши мүмкүн.
Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Элчибек Абдуганиевдин маалыматына караганда, Баткен облусу боюнча жалпы 3708 гектар жерден күрүч өндүрүлөт. Кадамжай району 3110 гектар, Лейлек району 338 гектар, Баткен району 260 гектар жерге күрүч өстүрөт.
Жолго жайылган күрүчтөр:
Сентябрь-октябрь айларында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында күрүч жыйноо иштери жүргүзүлөт.
Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун эски багыты боюнча 30 чакырымдай жолдун бир тарабына шалы жайылып, 1 ай жолдун экинчи тарабы жабылуу бойдон турат. Аталган жол Кайтпас—Өтүкчү өткөрмө пунктарын байланыштырып, негизинен Өзбекстандын Сох анклавынын унаалары каттайт.
Баткен облусундагы Ак-Турпак, Чоң-Кара, Зарташ жана Апкан айылдарында, ошондой эле Кадамжай районундагы Жаңы-Жер, Миң-Чынар, Чогорок айылынын эли жылда күрүч эгишет. Аталган айылдын калкынын негизги чарбачылыгынын бири болуп саналат.
Тактама:
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.
Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.