Turmush — Кечээ, 30-мартта Талас шаарынын А.Огонбаев көчөсүндөгү кызыл сызыктан ашкан тосмолорду жылдыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев баштаган комиссия курамынын катышуусунда 2 турак жайдын тосмосу жылдырылды. Ошондой эле жылдыруудан калган 6 пайдубал алынды.
Буга чейин аталган аймактын тургундарына мэрия тарабынан 2025-жылы эскертүүлөр берилип, турак жай, тосмо жана дарбазаларды артка жылдыруу талабы коюлган. Аталган иштер шаарды иретке келтирүү жана мыйзам талаптарын сактоо максатында жүргүзүлүүдө.