Turmush — Таластык 2 окуучу республикалык олимпиадады орунга ээ болушту. Бул тууралуу Талас облустук билим берүү борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенова билдирди.
Маалым болгондой, республикалык олимпиаданын IV этабында Манас районуна караштуу Ш.Кочкорбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Шүкүрбеков Байэл тарых сабагынан 1-орунга ээ болду.
Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы орто мектебинин окуучусу Рахмедова Медина англис тили сабагынан 3-орунга ээ болду.