Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунда автоээнбаштык жасаган айдоочулар табылып, 60 миң сом айып пул салынды.
Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, Түп районундук ЖКККБ кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаранын жыйынтыгында «BMW», «Subaru Legacy», «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары жол эрежесин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаганы видеого тартылган.
Жыйынтыгында айдоочулар табылып, унаалар айып короого токтотулду.
Укук бузуулар кодексинин 189-беренеси. Автоээнбаштык
1. Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду урматтабаганын ачык эле билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай турдегу керсетмелуу айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракети жеке жактарга: 15 000 сом айып пул салууга алып келет.