Turmush — 21-26-март күндөрү Бишкек шаарында мектеп окуучулары арасында өткөн шахмат боюнча чемпионатта Ысык-Көл облусунун окуучулары 7 байгелүү орун менен кайтышты. Бул тууралуу Ак-Суу районун шахмат боюнча машыктыруучу Саматбек Деркембаев билдирди.
Машыктыруучунун айтымында, анда облустун спортчулары 3 алтын, 2 күмүш, 2 коло байгени багынтты.
1. Жапарова Татына 13-жаш категорияда 3-орун (Ак-Суу);
2. Исмаилов Абу-Бакр 13 жаш категорияда 2 -орун (Каракол);
3. Турсуналиева Нурэлина 15 жаш категорияда 1-орун (Ак-Суу);
4. Санташбекова Эвелина 15 жаш категорияда 2-орун (Ак-Суу);
5. Кеңешбеков Элим15 жаш категорияда 1-орун (Каракол);
6. Бердибаева Эдиса 17 жаш категорияда 1- орун (Каракол);
7. Турсуналиева Нурайым 17 жаш категорияда 2-орун (Ак-Суу).
Чемпионатта 1-орунду ээлеген окуучулар Азиялык чемпионатка Кыргызстан курама командасынын атынан катышууга жолдомо алышты.