Turmush — Ысык-Көл облустук соту тоодо таанышын сабаган адамга карата өкүм чыгарды. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
Айыпталуучу Мадали (аты өзгөртүлдү А.М.Т.) Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде туулган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Мурда соттолгон.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Мадали 2025-жылдын 5-сентябрында саат 17:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кокуй-Көл кашарында жабырлануучу Нарбекти (аты өзгөртүлдү Б.Н.Б.) ортодогу пикир келишпестиктин айынан сабап койгон.
- Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Нарбектин ден соолугуна анча оор эмес залал келтирилген.
Мадали Жети-Өгүз райондук сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 1-бөлүгү (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен күнѳѳлүү деп табылып, 1 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун (белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу) негизинде белгиленген жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген.
Мадалинин жактоочусу бул өкүмгө макул болбой, апелляциялык даттануу келтирген. Ал айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнүп, жабырлануучудан кечирим сураганын, үй-бүлөсүндө жалгыз камкорчу экендигин жана анын жасаган кылмышы анча оор эмес экенин көрсөтүп, райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, ага камакка байланышпаган өкүм чыгарып берүүнү суранган.
Мадали жабырлануучу Нарбек тоодо мал кайтарып жүргөндө баласы Эсен аркылуу чакырткан. Саат 17:00дө Кокуй-Көл кашары жакта жолугушуп, Мадали ага «аттан түш» деп буйруп, андан соң «сен керсейип калгансың» деп Нарбекти сол көзгө уруп жиберген. Аны менен токтоп калбай, башка бир нече жолу тепкилеп, жаракат келтирген.
Жабырлануучу Нарбек апелляциялык соттук отурумда Мадалини кечирбегенин, ага кеткен материалдык чыгымды төлөп берген эместигин, ага карата камакка байланышпаган жаза дайындоого каршы экенин айткан.
Облустук соттун өкүмү:
Облустук сот2026-жылдын 28-январында иштин материалдарын карап чыгып, Жети-Өгүз райондук сотунун Мадали жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Апелляциялык даттануу канааттандырылган жок. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кассациялык тартипте даттанууга укуктуу.