Turmush —
Ат-Башыдагы Б.Кыдыкова атындагы китепканасында райондук билим берүү тармагына чоң салымын кошкон эң алгачкы агартуучусу Марданшин Шамсинин 130 жылдыгы белгиленди.
Маалым болгондой, ага жергиликтүү жетекчилер, акыны Т.Султанов, агартуучунун мекендештери жана небере-чөбөрөлөрү катышты. Анын жүрүшүндө Марданшин Шамсинин эмгек жолу, жаш муундарды тарбиялоодогу эмгеги эскерилди.
Марданшин Шамси 1896-жылы туулган. 1959-жылы Фрунзе шаарынан көз жумуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.