Turmush — Каракол шаарында автоээнбаштык кылган айдоочу кармалып, 15 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, Каракол шаарында жолдо кооптуу кыймыл жасап, автоээнбаштык кылган айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында видеого түшүп калган BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол эрежелерин одоно бузганы аныкталган.
Унаа табылып, айдоочуга 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Транспорт каражаты айып короого токтотулду.