Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Нарын облусу, Нарын 31.01.2014 13:26

Нарын шаарынын борбордук базарында «санитардык күн» уюштурулат

Turmush -  Нарын шаардык мэриясы борбордук базарда «Санитардык күн» уюштуруу чечимин кабыл алды. Мэриянын буйругуна ылайык, ар жуманын дүйшɵмбү күндɵрү саат 9:00дөн 19:00гө чейин борбордук базардын айланасын, ичи-сыртын тазалоо боюнча «Санитардык күн» деп эсептелинет. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз кызматы билдирди.

Санитардык күндɵрү соода түйүндɵрүнүн айланаларын жана ичтерин тазалоо иштерин жүргүзүү базар жетекчилерине жана соода түйүндɵрүнүн ээлерине милдеттендирилди.

Ошондой эле, тийиштүү мекеме-ишканаларга санитардык күндɵрү базарга авто унааларды киргизбɵɵ үчүн Т.Мамбеталиев менен С.Орозбак, С.Орозбак менен С.Андабеков кɵчɵлɵрүнүн кесилишине жана Шуллер кɵчɵсүнɵ жол коопсуздук кызматынын постун коюу, чогулган таштандыларды ɵз убагында чыгарып туруу, базардын айланасын ирээтке келтирүү, тазалатуу боюнча иштерди күчɵтүү жана кɵзɵмɵл жүргүзүү жагы тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×