Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-январь
Нарын облусу, Нарын 21.01.2014 14:14

Нарында жана Соң-Көлдө «Кымыз» фестивалы өткөрүлөт

Turmush -  Мындай маалыматты «Эмгек» партиясынын жол башчысы Аскар Салымбеков Нарын шаарында болгон атайын жыйын учурунда билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

«Дүйнөдө пивонун жана башка ичимдиктердин фестивалдары өткөрүлөт. Ага катышууга кызыккан жарандар ар кайсы мамлекеттерден келишет. Ушундан улам биз дагы быйылкы жылы июль айында улуттук баалуулуктагы көргөзмөлөрдү уюштурсак деп жатабыз. Алгачкы күнү Нарын шаарында көргөзмө өткөрүлүп, эртеси Соң-Көлдө «Кымыз» фестивалы болмокчу. Ал иш-чараларга азыртадан тарта даярдыктар башталды», - деди А.Салымбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×