Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Нарын облусу, Нарын 22.05.2014 12:39

Нарында Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу 20 жылдык мааракесин белгиледи (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-майда Нарын шаарында Каратал-Жапырык мамлекеттик коругу 20 жылдык мааракесин белгиледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаратылыш коругунун 20 жылдыгы боюнча атайын жыйынга КР өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Адбымитал Чынкожоев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Түгөлбай Жанбоев, шаардын мэри Бакытбек Жээналиев жана жаратылыш коругунун жетекчилери катышты.

Мааракелик жыйынды ачып берген өкмөттүн өкүлү өз куттуктоосу менен катар, жаратылыш байлыктарына токтолуп, ушул жылдар ичинде өз милдеттерин так аткарган иш-аракеттерине баа берип, бүгүнкү мааракелери менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады жана дайыма кесиптик милдеттерин так аткара беришине тилектештигин билдирди.

Жыйында бир катар адистер сыйлоо баракчалары менен сыйланып, белектерди алышты. Ошону менен бирге 5-июнь - Бүткүл дүйнөлү жаратылышты коргоо күнүнө карата бир катар коруктун кызматкерлери 10 жылдык төш белгилер менен сыйланышты.

IMG_4765

IMG_4778

IMG_4789

IMG_4794

IMG_4745

IMG_4768

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×