Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Нарын облусу, Нарын 11.02.2014 09:48

Нарын шаарындагы стоматологиялык клиниканын абалы канааттандырарлык эмес экендиги айтылды

Turmush -  Нарын облусундагы стоматологиялык поликлиниканын абалы канааттандырарлык эмес, дейт кайрылгандар. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, бул бөлүмдүн имараты начар, ремонттон өткөрүлгөн эмес жана кышкы убакта ичи абдан суук.

«Дарыгерлердин бейтаптарга жасаган мамилелери жакшы эмес. Мен эки тишимди дарылатайын деп келгем, дарыгер байкабай соо тишимдин пломбасын алып салып, кайра пломба бастыруу үчүн кошумча акча алды. Эки тиш дарылатам деп жатып, дарыгердин кош көңүл мамилесинен улам 3 тиштин акчасын төлөдүм. Тиш дарылатып кетем деп келип, экинчи бир ооруу жабышат. Анткени, кезек күтүп отуруп, белиме суук тийгизип алдым», - деп билдирди жабырлануучу, Нарын шаарынын тургуну.

Анын айтымында, бир тишке пломба 450 сомго коюлат. Бирок ал 6-7 айда кайра түшүп калат.

Ал эми стоматологиянын башкы дарыгери Ажыбек Мадланбековдун маалыматына таянсак, беш жыл мурункуга караганда шарт жакшырып калды. Врачтар жана медициналык аппарат, дары-дармек, инстурменттер жетишээрлик деңгээлде.

Азыркы убакта элдин 70%ы тиш оорусу менен ооруйт. Көпчүлүгү убагында кайрылбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×