Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Нарын облусу, Нарын 25.01.2014 15:00

Нарында «Ыңгайлуу имарат жана билим алуу укугу» деген темада изилдөө жүргүзүлдү

Turmush -  

2013-жылдын соңку айларында «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тоскоолдуксуз чөйрө» аттуу долбоор алкагында Нарын шаарындагы жана Жумгал районундагы 17 орто мектеп «Ыңгайлуу имарат жана билим алуу укугу» деген темада изилдөөгө алынган.

Иликтөөнү «Келечек Хелспром» коомдук кору менен «Нарын балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелер» (НБУКБАЭ) коомдук бирикмеси жүзөгө ашырган.

«Изилдөө жүргүзүлгөндө 17 орто мектептин он төртүндө атайын пандустар жок болуп чыкты. Бир мектепте гана мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн талапка ылайык даараткана курулган экен,-дейт НБУКБАЭ бирикмесинин лидери Шарапат Актанова.

Ошондой эле, Нарын шаары боюнча аталган коомдук бирикме тарабынан 130 мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп жашындагы балдар каттоого алынгандыгын, бирок соңку тактоодо 80и гана шаарда бар экендигин, алардын ичинен 30 бала мектептерге барышаарын кошумча маалымдады.

Нарын шаарындагы №7-орто мектептин директору Жийде Шералиева: «Чындыгында мектептерге пандус салуу, атайын даараткана куруу абдан керек жана зарыл. Ошондуктан, быйылтадан тарта ар жылы шаардан жок дегенде экиден мектепке ушул зарылчылыктар үчүн бюджеттен акча кароону сунуш кылабыз,-деди.

Ал эми, бул сунушту Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова дагы колдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×