Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусу, Нарын 13.01.2020 10:25 На русском

Нарын шаарында спортчулар жана машыктыруучулар сыйланды

Turmush -  Нарын шаарындагы Профессионалдык үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде Нарын облусунан чыгып, эл аралык жана дүйнөлүк спорттук мелдештерде ийгиликке жетишкен спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана Нарын облусунун ММА жана PF KG президенти Нурлан Омокеев катышып, спортчулардын жетишкен ийгиликтерин баса белгилешип, алдыдагы мелдештерге ийгиликтерди каалашты. Нарын шаардык кеңешинин төрагасы менен Нарын шаарынын мэри Канат Кедибеков, Нурлан Омокеев, Турат Осмонов, Капарбек уулу Билимбек, Билимбек кызы Калмира, Улан Токтосун уулу, Акималиев Белекке ыраазычылык кат тапшырышты. Нурлан Омокеев спортчулардын машыктыруучулары Билимбек Капар уулу, Мирбек Акиев, Токтосун уулу Уланга 10 миң сом акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырды. Аземдин аягында спортчулардын урматына сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×