Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 13.01.2020 09:56

Нарын шаарындагы мектептерде 1-класстын окуучуларынын кышкы эс алуусу 1 жумага узартылды

Turmush -  Нарын шаарынын мектептеринде окуган 1-класстын окуучуларынын кышкы эс алуусу 1 жумага узартылды. Бул тууралуу Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамбетов билдирди.

Маалыматка караганда, окуу программасына ылайык ушундай чечим кабыл алынган. Окуу программасында 1-класстын окуучулары үчүн кошумча 1 жума каралган.

«Биз мектеп директорлору болуп ушуну азыр пайдаланалы деген чечимге келдик. Кышкы суукка байланыштуу ушундай чечилди. Ал эми башка окуучулар (2-класстан 11-класска чейинки) 13-январдан баштап окуй башташат. Бул Нарын шаарынын мектептерине гана тиешелүү», - деди ал.

Райондун мектептери мындай маселени өздөрү чечүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×