Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 11.01.2020 16:40

Нурлан Омокеев Нарын облусунун ММА федерациясынын жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  2019-жылдын 20-декабрында Нарын облусунун ММА жана PF федерациясы түзүлүп, анын жаңы жетекчиси болуп 31 жаштагы Омокеев Нурлан Жаныбекович дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы жетекчи 10-январда Нарын облусунун атынан чыгып, ийгиликтерди жараткан спортчуларды сыйлоо иш-чарасында тааныштырылды. Иш-чарага Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев баш болгон чиновниктер жана спорт сүйүүчүлөрү катышты. Мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга 70 миң сомдук сертификат тапшырылса, машыктыруучуларына 10 миң сомдон сыйлык ыйгарылды. Жаңы жетекчиси Нарын шаарына 800 чарчы метр жер бөлдүрүп, спорт комплекс курууга даярдыктарды көрүп жаткандыгын билдирди.

Нурлан Омокеев 1989-жылы 24-июнда Нарын шаарында төрөлгөн. Билими жогорку. 2017-жылы Нарын мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Окууну аяктагандан бери жеке ишкерлик менен алектенип, бир канча спортчуларга колдоо көрсөтүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×