Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Нарын облусу, Нарын 10.01.2020 15:32 На русском

Видео — Чилдеде Нарын суусуна түшкөн Адилет. Тушоосун Акаев менен Усубалиев кескен

Turmush -  Кыштын кыраан чилдесинде Нарын суусуна түшүп, ден соолугун чыңдаган тоолук жигит Адилет Черикчиев менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз 1994-жылы Нарын шаарында экологдордун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Учурда Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы болуп иштеп жатат. Ал бул кызматка 24 жашында кирген. Ал эми кыштын кыраан чилдесинде Нарын суусуна түшүү адаты 10 жылдан ашканын билдирди.

«28-декабрда Нарын суусуна, тагыраагы Нарын шаарынын чет жагындагы Теке-Секирик аймагында сууга түшкөм. Нарын суусуна түшүп жүргөнүмө көп жылдардын жүзү болду. Негизи чилдеде сууга түшкөндөн кийин иммунитет көтөрүлүп, жүрөк согуу, кан айлануу жакшырат. Ошол үчүн түшөм. Сууга түшүү үчүн алгач психологиялык даярдык көрөм. Сууга түшкөндөн кийин мончого барып же арактан шыбанам. Сасык тумоо болуп ооруп калганда дароо сууга түшө калам. Кышында чилде убагында сууга үч-төрт жолу түшөм. Себеби чилде чыккандан кийин суунун күчү (муздактыгы) кетип калат. Суунун үстү муз болуп тоңуп калганда музду чагып түшкөн учурларым болот. Ошондой эле сууга түшөрдүн алдында коопсуздук үчүн аркан кармап алам», - деди ал.

Адилет Черикчиев ат жаныбарына жакын экенин, жумушунан сырткары жайкысын туристтерге кызмат көрсөтүп жатканын билдирди. Ошондой эле өзү Тайлак баатырдын тукуму экенин кошумчалады.

«Нарындагы Тайлак баатыр атындагы турнирди атам өткөрөт. Чоң атам болсо «Даңк» медалынын ээси, көптөгөн сыйлыктары бар. Менин тушоомду Аскар Акаев менен Турдакун Усубалиев кескен. Ошондо Акаев Ак-Талаага тик учак менен келген экен. Тайлак баатырдын 200 жылдыгында тигилген боз үйдүн бири биздин боз үй. Ал дагы деле үйдө турат. Эң кызыгы ошол боз үйгө Борис Николаевич Ельцин жаткан. Тайлак баатырдын 200 жылдыгына чакырылыптыр», - деди Адилет Черикчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×