Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 09.01.2020 17:37

Нарында 78 жол белги орнотулууда

Turmush -  Нарын шаарында жол кырсыктарын алдын алуу максатында 78 жол белгилери орнотулууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, учурда шаарда унаа кырсыктарын алдын алуу, бөгөт коюу жана транспорт каражаттарынын тыгындарын азайтуу максатындагы иштер жүрүүдө. Анын алкагында кемчиликтерди жоюу жана унаа жолдун абалын жакшыртуу максатында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан тиешелүү мекемелердин жетекчилерине сунуштар берилип, ички жолдор үчүн жалпы 78 даана жол белги алынып келген.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×