Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 09.01.2020 08:07

Нарындык эки студент президенттик стипендияга ээ болду

Turmush -  С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин студенттери президенттик стипендияга ээ болушту. Бул тууралуу ректор Таштанбек Сияев билдирди.

Стипендияны кыргыз тили жана кыргыз адабияты жана педагогика факультеттеринин студенттери Орозобаева Айжан менен Асангазиева Айбийке президенттин колунан алышты. А.Орозобаева Нарын шаарындагы Э.Ибраев атындагы №4 мектебинде, А.Асангазиева Нарын районундагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинде окуган. Окуу жайга жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынышкан.

«Алар окуудагы, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштердеги мыкты ийгиликтери үчүн президенттик стипендияга татыктуу болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президентинин мактоо баракчасы, 50 миң сомдон акчалай сыйлыгы тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×