Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 08.01.2020 17:43

Тамада М.Өмүрбаев Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы болду

Turmush -  Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы болуп тамада, акын жана теле алып баруучу Майрамбек Өмүрбаев дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Буга чейин бул кызматты Назгүл Мүсүралиева аркалап келген. Ал өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматына которулуп кеткен.

Майрамбек Өмүрбаев 1993-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн.

Билими:

- 2000-2011-жылдары Талды-Суу айылындагы А.Осмоналиев атындагы мектепте окуган;

- 2011-2016-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык мамлекеттик университетинде окуган.

Иш тажрыйбасы:

- 2016-2017-жылдары Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы мектеп-лицей интернатында тарбиячы болуп иштеген;

- 2017-2018-жылдары Нарын облустук медиа борборунда редактор-баяндамачы жана жогорку категориядагы диктор болуп иштеген;

- 2018-2019-жылдары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында басма сөз катчы болуп эмгектенген.

Майрамбек Өмүрбаев «Сенден башталган өмүр» китебинин автору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×