Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 08.01.2020 12:46

Нарын шаарында 720 жолбун ит жана мышык жок кылынган

Turmush -  Нарын шаарында ит-мышыктын жугуштуу ооруларын алдын алуу максатында жолбун ит-мышыктар атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2019-жылдын декабрь айында Нарын шаарында иттер менен мышыктардан жугуучу оорулардын (кутурма, эхиноккоз) тарап кетишине бөгөт коюу жана алдын алуу максатында жолбун ит-мышыктар атылган.

Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасы мергенчилик чарба менен келишим түзүп, жолбун иттердин атылышын уюштуруп, атылгандары Карга-Жайлоо таштанды төгүүчү жайга көмүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шаар боюнча жалпы 720 жолбун ит-мышык жана чөө жок кылынган.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын райондук башкармалыгынын маалыматына ылайык, жолбун иттерди жок кылуу кыш айларында жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×