Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 07.01.2020 09:47

Жаш талант: Сүрөтчү Алфавитов каратэ менен машыгып, ырчы болууга даярданып жатат

Ыйманберди Алфавитов
Ыйманберди Алфавитов
// Турмуш

Turmush -  Ыйманберди Алфавитов өзүн ар тараптан өнүктүрүүгө аракет жасап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ыйманберди 2007-жылы Сегизинчи март айылында туулган. Учурда Нарын шаарындагы Асан Үсөнов атындагы лицей-жатак мектебинде 6-класста окуйт.

«3-класстан бери лицей-жатак мектебинде окуйм. Башында айылда окучумун. Бул жакка келгенден бери “Манас” эпосунан үзүндү айтуу боюнча ийримге катышып, эпостон үзүндү айта баштадым. Вокал ийримине дагы катышам, андан Роза деген эже окутат. Ал эже бизге ырдаганды үйрөтүп жатат. Мага ырдаган абдан жагат. Быйыл облустук деңгээлдеги “Жоокер ыры” кароо-сынагына катыштым. Манас атабыз кыргыз элин сактап келген. Ал тууралуу эпос дүйнөгө таанылган. Бул эпосту дагы да таанытуу, жайылтуу үчүн “Манас” эпосунан үзүндү айтууну тандадым. Көп өнөрдүн ээси болуп, ар тараптуу болгум келет», - деди ал.

Жаш талант 6 бир туугандын бешинчиси.

«Сүрөт тартып, ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрөм. 2019-жылы облустук деңгээлде өткөн өрт коопсуздугу боюнча сынакта 1-орунду алдым. 2018-жылы ошол эле сынакта 3-орунду камсыз кылгам. Мага сүрөт тарткан абдан жагат», - деди ал.

Ыйманберди Алфавитов каратэ менен да машыгып жатат.

«Кенжегул деген агай жакшы машыктырат. Бишкекке чейин барып, сынак тапшырабыз. Сынакты жакшы тапшырып, кызыл кур алдым. Учурда көк кур алууга даярданып жатам. Андан кийин кара кур үчүн даярданабыз. Бирок ал курду машыктыруучу болгондо алабыз. Шарт ошондой. Мен дагы ушул багытта машыктыруучу болгум келет. Бул спортко өзүмдү коргоо үчүн катышып жатам. Каратэ чымыр, жеңил болууга, жоопкерчиликке, тактыкка, сергектикке үйрөтөт экен. Футболго дагы барам», - деди ал.

Жаш талант тил дагы үйрөнүп жатат.

«Кытай, араб, англис, орус тилдерин окуткан курстарга барып жатам. Баарына жетишүүгө аракет кылам.

Келечекте ырчы болгум келет. Сүрөт тартуу өнөрүн дагы кошо алып кетким келет. Ырдаганды абдан жакшы көрөм. Ырчы болгондо дүйнөгө тааныла аласың. Бул жакта эже-агайлар абдан жакшы, баарын үйрөтүшөт. 4 маал тамак берилет, жылуу, таза», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×