Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 07.01.2020 09:28

Нарында адам укуктарын коргоого салым кошкондор сыйланды

Turmush -  Нарын шаарындагы айрым тургундар сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сыйлангандардын катарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Алар адам укуктарын жана эркиндигин коргоого кошкон салымы жана Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташканы үчүн сыйланышты. Аларга Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын ардак грамотасын акыйкатчынын облустагы өкүлү Т.Жаанбаев тапшырды.

Бул иш-чара Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 71 жылдыгына жана 10-декабрь — Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×