Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 06.01.2020 21:25

Нарын ОИИБде иштеген 7 кызматкер ардактуу эс алууга чыгышты

Turmush -  Нарын ОИИБде кызмат өтөгөн 7 милиция кызматкери ардактуу эс алууга чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын облустук ички иштер башкармалыгында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан кызматкерлер салтанат менен узатылды. Алар: милициянын полковниги О.Шырдакбаев, милициянын майору Н.Курманалиев, милициянын майору М.Өмүрзаков, милициянын майору А.Оторбаев, милициянын капитаны Ч.Тукуев, милициянын капитаны, ага лейтенант К.Өмүрзаков жана милициянын ага прапорщиги А.Акматов.

Иш-чарада милициянын полковниги О.Шырдакбаевге кызмат учурунда жетишкен ийгиликтери үчүн ИИМдин 90 жылдык мааракелик медалы тапшырылды. Ошондой эле ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлерге сыналгы берилип, сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×