Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 06.01.2020 09:11

Кечинде көчөдө жалгыз жүргөн нарындык өспүрүмдөргө эскертүүлөр берилди

Turmush -  Нарын шаарында кечки саат 20:00дөн кийин көчөлөрдө, дүкөндөрдө, муз аянтча, кафе-ресторан, сейил бактарда жүргөн жашы жете элек балдарга эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөр берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын улук инспектору, милициянын улук лейтенанты Кутман Нурманбетов билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу кылмыштуулук аз катталган.

«2019-жылы өспүрүмдөр тарабынан 6 кылмыш жасалып, 2018-жылга салыштырмалуу 46 кылмышка аз катталган. Ал эми өзүн-өзү өлтүрүү боюнча бир факт катталып, өткөн жылга салыштырмалуу төрткө азайган.

Ар бир кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн мектеп мугалимдери, имамдар менен биргеликте окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×