Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусу, Нарын 04.01.2020 11:51

Сарбагыш Эсеналиев «Нарын суу канал» ишканасынын жетекчиси болду

Сарбагыш Эсеналиев
Сарбагыш Эсеналиев
// Turmush

Turmush -  Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич «Нарын суу канал» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты аталган ишканадан тастыкташты.

Сарбагыш Эсеналиев 1963-жылы Нарын районуна караштуу Он-Арча айылында төрөлгөн. Нарын шаарындагы №4 В.И.Ленин атындагы орто мектебин аякагандан кийин Нарын айыл чарба техникумунда билимин улантып, ветеринардык фельдшер адистигине ээ болгон. 1986-1991-жылдары Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда зооинженер адистиги боюнча билим алган. 1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин укук таануу факультетинде билим алган.

1993-жылдан бери жеке ишкерлик менен эмгектенип келген. Ал Нарын шаардык кеңешинин 4 жолку чакырылышында депутаты болгон.

Нарын шаарынын, Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамынын ээси. «Жылдын мыкты ишкери» сыйлыгы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×