Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 02.01.2020 16:40

Нарындын Дөбөлү айылындагы мектепке заманбап техникалык каражаттар тапшырылды

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылындагы мектепке заманбап техникалык каражаттар тапшырылды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондундагы 1 млн 44 миң сом каражатты натыйжалуу пайдалануу максатында чакан долбоорлорго сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы менен Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Жаш тилек» бала бакчасын керектүү эмеректер менен камсыздоо, Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Ө.Токтосунов атындагы орто мектебине техникалык каражаттарды алып берүү, Нарын районунун Миң-Булак айылындагы "Сырымбет ата" бала бакчасына балдар аянтчасын куруу, Жумгал районунун Чаек айылындагы Ногойбаев атындагы орто мектебине компьютердик класс ачуу, Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын инфраструктурасын жакшыртуу (жалпы 5 долбоор) долбоорлору тандалып алынган. Жаңы жылдын алдында аталган долбоорлор КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына ылайык каржыланды.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын районунун Дөбөлү айылындагы Ө.Токтосунов атындагы орто мектебине 150 миң сомдук техникалык каражаттарды тапшырды. Тактап айтканда мектепте 1 ноутбук, музыкалык аппаратура, проектор жана түстүү принтер алынып берилди. Нарын районунун Миң-Булак айылындагы бала бакчага балдар аянтчасын куруу үчүн 42 миң 600 сомдун сертификаты ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×