Бөлүмдөр
Ишемби, 18-январь
Нарын облусу, Нарын 02.01.2020 15:00

Нарында жаңы жылга карата социалдык коргоого муктаж 90 балага белектер тапшырылды

Turmush -  Нарын шаарында жаңы жылга карата социалдык коргоого муктаж балдарга белектер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга коомдук бирикмелердин биринин жетекчиси Майрамкүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, социалдык коргоого муктаж, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн атайын балаты майрамы белгиленип, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 90 балага белектер тапшырылды.

«Иш-чара Нарын музыкалык драма театрында өттү. Демөөрчүлөр белектерин даярдап келип тапшырышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү келип, куттуктоолорун айтып кетишти. Концерттик программа менен катар сахналаштырылган жомок коюлду. Балдардын мааанайы аябай жакшы болуп, Аяз ата, Аяз кыз менен бийлешти. Азыр бизде каттоодо 123 бала турат. Алардын ичинен 1 бала шал оорусу менен жабыркайт. 4 бала майып, калгандары социалдык коргоого муктаж балдар болуп эсептелет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×