Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусу, Нарын 31.12.2019 17:30

Видео — Троллейбустагы Аяз ата жана Аяз кыз: Нарындык активисттер шаар тургундарын өзгөчө куттукташты

Turmush -  Нарын шаарынын активисттери бүгүн, 31-декабрда троллейбустун ичинде шаар тургундарын куттукташты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын шаарынын активисттери Жаңы жыл майрамына карата троллейбусту кооздоп, жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

«Алгач фейсбуктан "кандай кылабыз, эмне кылыш керек?" деп сүйлөшүп, бир чечимге келдик. Натыйжада шаар тургундарын куттуктоо үчүн троллейбусту жалдап, анын ичин кооздоп, өзүбүздүн арабыздан Аяз ата, Аяз кызды жана ырчыларды даярдап, майрамдык маанай тартуулоону туура көрдүк», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×