Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 30.12.2019 22:00

Нарында пиротехникалык заттар сатылган жайлар текшерилди

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук базарында пиротехникалык заттар сатылган жайлар текшерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 30-декабрь күнү Нарын шаарындагы борбордук базарда жана соода түйүндөрүндө пиротехникалык каражаттарды ташып келүү, сактоо, сатуу жана пайдалануу эрежелерин сактоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Аны менен катар соодагерлерге түшүндүрүү иштери өттү. Профилактикалык иштер Нарын ШИИБдин, Мамэкотехинспекциянын жана ӨКМдин Нарын шаарындагы кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Алар пиротехникалык заттарды сатууда кардарларга коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү керек экенин жана жашы жете элек балдарга пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×