Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 30.12.2019 11:45

Нарындагы эки окуучунун кыялдары орундалды

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Актан менен Жанэлди ата-энелери менен кабыл алып, Аяз атадан күткөн кыялдарын орундатты.

Быйыл эки өспүрүм Аяз атага кат жазып, аны өкүлдүн дарегине жолдогон. Алар: Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы К.Карпеков атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Актан Сабыров жана Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 5-классынын окуучусу Сатыбекова Жанэл.

Жанэл Аяз атадан өрүк комуз сураса, Актан келечекте облус башчысы болууну тилек кыларын, ыйгарым укуктуу өкүлдөн белек алууну каалаганын жазган. Эмилбек Алымкулов балдар менен баарлашып, жашоодо ийгиликтерге жетүү үчүн жакшы окуу керектигин айтты. Аларга аруу тилегин арнап, Жанэлге өрүк комуз, Актанга билим алууга шарт түзгөн белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×