Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 29.12.2019 18:00 На русском

Нарында облус жетекчисинин балаты майрамына 300 бала катышты (видео)

Turmush -  Нарын шаарында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чара шаардагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде уюштурулду. Ага Нарын шаарындагы жана Нарын облусунун райондорундагы балдар чакырылды. Аларга М.Рыскулов атындагы облустук музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан «Достукка сапар» аталышындагы жаңы жылдык оюн-зоок программасы көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Салтанатка катышкан өкмөттүн облустагы жетекчиси Эмилбек Алымкулов куттуктоо сөзүн сүйлөп, 300 балага белектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чарага өкүлчүлүктүн резервдик фондунан 150 миң сом бөлүнгөн. Салтанатка аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, этникалык кыргыздардын, Апрель элдик революциясында курман болгон маркумдардын балдары жана ата-энесинен эрте ажыраган балдар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×