Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-январь
Нарын облусу, Нарын 28.12.2019 16:00

Сүрөт — Нарын милициясынын саптык кароосу

Turmush -  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери саптык кароодон өттү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 27-декабрь күнү Нарын шаарынын борбордук аянтында гарнизондук саптык кароо жүргүзүлдү. Анын алкагында облустук милиция кызматкерлери жана кызматтык автоунаалар текшерүүдөн өтүштү. Саптык кароону ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев орун басарлары менен бирге жүргүздү.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоодо милиция кызматкерлери өз милдеттерин так жана туура аткарууга, Жаңы жыл майрамында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга милдеттендирилди.

Майрамга карата облуста 400дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×