Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Нарын облусу, Нарын 28.12.2019 10:54 На русском

Сүрөт — Нарындагы прокуратура кызматкерлерине берилген 32,8 млн сомдук үй

Turmush -  Кечээ, 27-декабрда Нарын шаарында прокуратура кызматкерлерине жаңы курулган көп кабаттуу үйдүн батирлеринин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Көп кабаттуу үйдүн ачылыш аземине башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмил Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана прокуратура кызматкерлери катышты. Алгач Ө.Жамшитов жана Э.Алымкулов батирлүү болгон кызматкерлерди куттуктап, иштерине ийгилик каалашты.

Нарын районунун жана Нарын шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери үчүн берилген көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери 2018-жылы башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, 32 млн 873 миң 187 сом сарпталган. Курулуш иштерин «Мерибелл Текстил Иншаат» ЖЧКсы жүргүзгөн. Имарат үч кабаттуу, 24 батирден турат. Анын үчөө 3 бөлмөлүү жана эки бөлмөлүү 9, бир бөлмөлүү 12 батир бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×